Бишкек мэриясында бир катар кадрдык дайындоолор болду

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Молдобасаров Мирлан Камчыбекович Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болду.

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын башчысы болуп Шеримбаев Максат Калыбекович дайындалды.

Жаныкеева Чынара Доктурбековна Октябрь районунун акиминин орун басарлыгына келди. Ал кызматка мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын кадрларынын түзүлгөн резервинен дайындалган.

Тиешелүү буйруктарга калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров кол койду.