Милиция жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырат


Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгы жарандарды алдымчылардан сак болууга чакырган видеоролик даярдады. Анда каржы пирамидаларына, тармактык маркетингдерге, турак-жай, автоунаа, үй-тиричилик буюмдарын сатып алып берүүнү убадалаган кооперативдерге катталууда этият болуу керектиги айтылат. Ошондой эле акча салса тез арада көбөйөөрүн белгилеген түрдүү криптовалюталарды сатып алууда ойлонуп чечим чыгаруу зарылдыгы белгиленет. Телефон алдамчылары дагы ар кандай жолдор менен жарандардын ишенимине кирип, каржылык чыгымга алып келиши мүмкүндүгү айтылат.


Каржы пирамидаларынын уюштуруучулары эл арасында таанымал адамдар аркылуу өз компаниясын жарнама кылууга өтүштү. Аларга батир же унаа алып беришкендигин айтып, белгилүү адамдар аны алгандыгын тастыкташып социалдык тармактарга жүктөшүүдө. Буларды көргөн карапайым адамдар араңдан топтогон акчаларын алып келип, каржы булактарына тапшырып, жыйынтыгында чыгымга дуушар болууда.


Негизинен эл арасында позитивдүү маалыматка караганда такталбаган, терс көрүнүштөр камтылган маалыматтар тез тарап жаткан учуру. Жарандардын бешене тер менен топтогон акчаларын туура багытта өздөрүнө иштетишин максат кылып ушул видеороликти бөлүшүүгө чакырабыз.

YouTube video

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы