Издөөдө жүргөн Бусурманкул Табалдиев Кыргызстанда жүрөт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы, 2019-жылдан бери издөөдө жүргөн Бусурманкул Табалдиев Кыргызстанда экени белгилүү болду.

Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы ырастады. Мекеменин маалыматына караганда, 2021-жылдын 6-октябрында Бишкектин Биринчи май райондук соту Табалдиевге карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын башка жакка чыкпоо тууралуу бөгөт чарасына өзгөрткөн.

Шектүү 2021-жылдын 28-октябрында ИИМдин Тергөө кызматына барып, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” жана “Коррупция” беренеси менен шек саналып жатканы тууралуу кабарлама берилген. Былтыр 23-декабрда ага ушул беренелер боюнча айып тагылып, 2022-жылы 22-февралда тергөө аяктап, 24-февралда айыптоо актысы Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.