Эл өкүлү «Газпром» компаниясына $1 берип, «Кыргызгазды» кайтарып алууну сунуштады

«Газпром» компаниясы Кыргызстан менен түзүлгөн келишимди аткарбай жатат. Бул тууралуу депутат Айбек Осмонов парламентте билдирди.

Ал «Газпромго» «Кыргызгаз» үчүн берилген акчаны кайтарууну сунуштады.

«Биз «Кыргызгазды»  $1 долларга сатканбыз. Алар газ түтүктөрүн бардык аймактарга салып берүүнү убадалашкан. Иш жүзүндө андай болбой жатат. Биз акчаны «Газпромго» кайтарып биздин компанияны кайтарып алуубуз кажет.

Айылдарда газ жок, баасы да кымбат. Бизге ушундай маиле кылуу туурабы?» — деп суроо салды ал.

Эске салсак, 2014- жылдын онунчу апрелинде «Кыргызгаз» «Газпромго» сатылган. Жыйынтыгында «Газпром-Кыргызстан» компаниясы пайда болгон.

Кыргызстанда газдын баасы жогору болуп жатканын башка дагы депутаттар белгилеп,  «Газпром-Кыргызстан» компаниясынан калкка арзан баада газ берүүнү талап кылды.