Чөнтөкчүлөр баарын уурдашат: капчыктар, телефондор, косметикалык баштыктар жана ар кандай баалуу буюмдар. Мунун эң жагымсыз жери – мээнет менен тапкан акчаңды жоготуп алуу гана эмес, алданып калуу сезими.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын биринчи чейрегинде 784 чөнтөк уурулук жасалып, 220 кылмыштын бети ачылса, 2021-жылы 792 чөнтөк уурулук жасалып, 265 кылмыштын бети ачылган. Чөнтөк уурулук кылгандардын 80% Бишкек шаарында жасалат.
Чөнтөк уурулуктун мезгилдүүлүгү жок, алар эл көп болгон жерде: базарларда жана соода борборлорунда, автобустарда жана аялдамаларда жасалат.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы сизди жана сиздин жакындарыңызды чөнтөкчүлөр менен уурулардан коргоо үчүн бир нече кеңештерди сунуштайт:
- Жол кире акчаңызды алдын ала даярдаңыз:
 Капчыгыңызга чөнтөкчүнүн көңүлүн бурбоо үчүн жол кире үчүн акчаны алдын ала даярдаңыз. Мындай аракетти унаа ичинде же аялдамада туруп жасабаңыз;
- Акчаңыздын баарын бир жерге алып жүрбөңүз:
 Жаныңызда чоң суммадагы акчаңыз болсо, аны ар кайсы жерге бөлүштүрүңүз. Сиз аны сыдырма менен жабылган чөнтөккө салсаңыз болот. Эң жакшысы таксиге отуруу;
- Капчыгыңыз кийимиңизден көрүнбөй турганын алдын ал текшериңиз:
 Үйдөн чыгаардан мурда капчыгыңызды өтө тар же ачык кийимдердин астында көрүнүп турганын текшериңиз. Эгерде андай болсо, аны сыдырма менен жабылган баштыктын түбүнө коопсуз жерге жылдырыңыз;
- Транспортко кирүү алдында сумкаңыз жакшы жабылганын текшериңиз:
 Сумкаңыз же чөнтөгүңүз сыдырма менен жабылганын текшериңиз. Транспортто сумканы алдыңызда кармап жүргөнүңүз туура, аны ийиндериңизде же артыңызда эркин илип койбоңуз;
- Капчыгыңызды же телефонуңузду арткы чөнтөгүңүзгө салбаңыз:
 Алдамчылардын арасында, жынсы шымдын арткы чөнтөгү “бирөөнүн чөнтөгү” – деп, аталат. Шымдын арткы чөнтөгүнө жайгашкан капчык же телефон оңой эле чөнтөкчүнүн олжосуна айланат, анткени жол кыймылында же транспортто кыйналганда сиз эч нерсени сезбей байкабай калышыңыз мүмкүн;
- Капчыгыңызды же телефонуңузду кийимиңиздин ички чөнтөгүнө салыңыз:
 Бул чөнтөк сыдырма же башка бекиткич менен бекитилсе, бул абдан жакшы. Көкүрөк капчыктарын да колдонсо болот.
- Дароо милицияга кайрылыңыз:
 Уурулукту ачуунун ийгилиги Сиздин, ички иштер органдарына канчалык тез кайрылууңуздан көз каранды. Арыз кылмыш жасалган жерде аймактуулугу боюнча жазылып берилүүгө тийиш.
ИИМдин Басма сөз кызматы