Президенттин атын жамынып акча тапкан Мелис Аспековдун иниси кармалды

Бишкекте президенттин атын жамынып, ири суммадагы акча алган менен байланышы бар экенин айтып, шаар тургунунан 44 миң доллар алган шектүү кармалды.

Бул тууралуу Свердлов РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, милицияга А.Т. аттуу шаар тургуну кайрылган. Жабырланган тараптын айтымында, «А» аттуу киши президент менен түз байланышы бар экенин айтып, «Сары-Өзөн» базарынан чоң жер участогун алабыз деп 44 миң доллар сураган. Акчаны алган соң убадасын аткарбай, белгисиз тарапка из жашырып кеткен.

Аталган факт Бирдиктүү реестрге катталып, Кылмыш кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринен кийин кылмышка шектелип 30 жаштагы А.А аттуу адам кармалып, ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.