Ымыркайды таштап кеткен “күкүк апасы” изделүүдө

Ош шаарындагы төрөт үйүнө эне ымыркайын таштап кеткен. Бул тууралуу “Турмуш” Ош облустук төрөт үйүнүн дарыгери Альвира Алибаевага шилтеме берүү менен жазды.

Маалыматка караганда, ымыркай төрөт үйүнө 8-апрелде ташталган.

“Анализдерин тапшырып бүткөндөн кийин ымыркай реабилитациялык борборго өткөрүлөт.

 Милиция энесин издеп жатат”,- деп айтылат маалыматта.