Садыр Жапаров жарандарды жергиликтүү бийлик башчылары менен жолугушууга чакырды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жарандарды жергиликтүү бийлик башчылары менен жолугушууга катышууга чакырды.

“Урматтуу кыргызстандыктар!

11-апрелден баштап бардык район, шаарларда жергиликтүү бийлик башчылары менен жолугушуулар өтөт. Жолугушууга барып, көйгөйлүү маселелериңерди жеринде чечип алсаңыздар болот”, – деп жазган өлкө башчысы социалдык тармактарда.