Бишкек шаарынын мэри келерки аптада шаар тургундары менен жолугушат

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров келерки аптада шаар тургундары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алгачкы жыйын 12-апрель күнү саат 10:00дө №78 мектеп-гимназиясынын жыйындар залында өтүп, мэр “Көлмө” жаңы конушунун жашоочулары менен жолугат. Ал эми саат 14.00дө акимчиликтин жыйындар залында Биринчи май районунун тургундары менен жолугушуусу болот.

13-апрелде саат 10:00дө №82 мектеп-гимназиясынын жыйындар залында “Ала-Тоо” конушунун калкы менен жолугуп, саат 14.00дө акимчиликтин жыйындар залында Ленин районунун жашоочуларынын суроолоруна жооп берет.

14-апрель күнү саат 10:00дө №91 мектеп-гимназиясынын жыйындар залында «Кара-Жыгач» конушунун тургундары менен жолугуп, саат 14:00дө Октябрь акимчилигинин жыйындар залында Октябрь районунун тургундарынын суроолоруна жооп берет.

15-апрелде саат 10:00дө №94 мектеп-гимназиясынын жыйындар залында “Дордой” жаңы конушунун тургундары тарабынан берилген суроолорго жооп берип, ал эми саат 14:00дө Свердлов акимчилигинин жыйындар залында ошол эле райондун жашоочулары менен жолугушуусу өтөт.