Караколдо адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-апрель күнү саат таңкы 05:00 чамасында Каракол ШИИБнин нөөмөт кызматына кабар түшүп, анда Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринен азиат улутундагы адамдын кан болгон денеси табылганы маалымдалган.

Аталган факт Каракол ШИИБнин КБРне катталып, КР Жазык кодексинин 130 (Адам өлтүрүү) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Окуя болгон жерге келген милициянын тергөө-ыкчам тобу сырткы кароо жүргүзүү учурунда, ал адам киши колдуу болгондугу аныкталган. Көп узабай жабыркаган адамдын өздүгү да такталган. Ал ушул эле үйдүн тургуну 54 жаштагы Д.А. болгон. Өлүм эмненин негизинде болгонун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган жана кылмышка шектүүлөрдү аныктоо, ошондой эле аларды колго түшүрүү боюнча тийиштүү издөө издери башталган.

«Тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында Каракол ШИИБдин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү тарабынан кылмышка негизги шектүү болгон 41 жаштагы Түп районунун тургуну А.А. качып, жашынып жүргөн жерин аныкталып, колго түшүрүлдү. Алдын-ала сурак учурунда, ал экөө спирт ичимдигин ичип отуруп уруша кетишип, бир нече жолу баш тарапка ургулап сабагандыгын билдирген, ал алган жаракаттардын кесепетинен ошол эле жерден каза болгон. Шаардык соттун чечими менен шектүүгө карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалды»,-деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.