Алымкадыр Бейшеналиев жана профессор Эрнст Акрамов биргеликте көчөт отургузду

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана профессор Эрнст Акрамов биргеликте көчөт отургузууга катышышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

«Министр Чуй облустук бириккен ооруканасынын аймагына көчөт отургузууга катышты. Мекеменин тегерегин тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерине профессор Эрнст Акрамов да катышты.

13 08 36 1341621.f901b71457c9eee8587048ae24b8dc6d.500 Алымкадыр Бейшеналиев жана профессор Эрнст Акрамов биргеликте көчөт отургузду
13 08 21 1341618.238fe9564fb6bfba7381d0afb4665f04.500 Алымкадыр Бейшеналиев жана профессор Эрнст Акрамов биргеликте көчөт отургузду

Ал саламаттыкты сактоо министри менен бирге балаты отургузуп, саламаттыкты сактоо тармагынын иши жана өнүгүүсү тууралуу баарлашты», — деп айтылат маалыматта.