Жалал-Абадда үч киши сабиз сактаган кампадагы иске ууланып каза болду

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Кош-Терек айылында үч киши сабиз сактаган кампадагы иске ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 9-апрелде билдирди.

Учурда каза болгондордун аты-жөнү, иске уулануу себептери такталып жатканы айтылды.