Шайлообек Атазов парламентте ант берди

Шайлообек Атазов бүгүн парламенттин трибунасынан ант берип, кызматка киришти.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Шайлообек Атазовго Жогорку Кеңештин депутаттык күбөлүгү жана төш белгисин тапшырды.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтүп, анда Атазов Төлөйкан шайлоо округунан депутаттыкка аттанган. Бирок Нурбек Алимбековго жеңилип калган.

2022-жылдын 27-февралында Бишкектин Свердлов округунда кайра шайлоо дайындалганда Атазов кайрадан талапкерлигин көрсөткөн. Свердлов округундагы шайлоонун жыйынтыгында ал 16,28% менен экинчи орунду алган. Жеңип чыккан Абдурахманхаджи Муртазалиев добуш сатып алууга шектелип жаткандыктан, БШК аны каттоодон баш тарткан. Мындан улам экинчи орунду алган Шайлообек Атазов депутат болду.