КТРКны улутташтыруу маселеси депутаттар тарабынан колдоо тапты

Бүгүн, 6-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, депутаттардын колдоосуна ээ болду.

Белгилүү болгондой, аталган мыйзам долбоору коомдук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо алкагында Улуттук телерадиоберүү корпорациясына айландыруу сунушталууда.