УКМК кош жарандуулукту жана жасалма дипломдорду текшерүүсүн токтоткон жок

УКМК: Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кош жарандуулуктун болушу жана жасалма диплом колдонуу фактылары боюнча текшерүү иштери уланууда

 Кыргыз Республикасынын УКМК мамлекет башчысынын тапшырмасынын алкагында бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кош жарандуулукка жана жасалма диплом колдонууга каршы текшерүүнү улантууда.

 Бүгүнкү күндө жасалма диплом колдонгон жана кош жарандыгы бар деген шек менен текшерүүнүн материалдары боюнча: КР ЖК 3 депутаты, КР ЖК 2 экс-депутаты, КР ЖК депутаттыгына 9 талапкер, 1 министр, Шаардык кеңештин 3 депутаты, 1 судья, 1 мурдагы судья, Эсеп палатасынын 2 кызматкери, прокуратуранын 1 кызматкери, ички иштер органдарынын 15 кызматкери, УКМК ЧКнын 2 кызматкери, Жазаларды аткаруу кызматынын 1 кызматкери, ЭжФМ алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын 1 кызматкери, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 6 кызматкери, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 6 кызматкери, Экономика жана коммерция министрлигинин 1 кызматкери, Транспорт министрлигинен 2 кызматкер, Айыл чарба министрлигинен 4 кызматкер, Санариптик өнүктүрүү министрлигинен 2 кызматкер, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен 2 кызматкер, ДИМКдан 1 кызматкер, саламаттыкты сактоодон 2 кызматкер, билим берүү тармагында 40 кызматкер, мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен 1 кызматкер, Социалдык фонддун 3 кызматкери, «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын 1 кызматкери, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин 1 кызматкери, Мамлекеттик архивдин 1 кызматкери, банк тутумунан 2 кызматкер, 2 адвокат, 1 массалык маалымат каражаттарынын кызматкери, 6 муниципалдык кызматтын кызматкери, 2 дин өкүлдөрү, 1 КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1 орун басары, КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2 кызматкери, 2 мэр, 1 экс-мэр, 2 вице-мэр, 1 шаардык кеӊештин кызматкери, мэриянын 8 кызматкери, РМАнын 1 жетекчиси, РМАнын 1 орун басары, 8 айыл аймагынын башчысы, 2 айыл өкмөт башчысынын орун басары, 18 айыл аймагынын кызматкери, 9 айылдык кеӊештин депутаты, башка (кызмат) персонал) мекемелерден - 1.
 Профессионалдык лицейде окубаган адамдарга дипломдорду мыйзамсыз берүү; колледжде мыйзамсыз окутуу жана диплом берүү; жогорку окуу жайлардын биринин дипломун мыйзамсыз берүү; чет өлкөлүк жарандарга орто билими тууралуу аттестаттын мыйзамсыз берилиши боюнча коррупциялык схемаларды уюштуруу фактылары да текшерилүүдө. 

 Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы менен 40 адам өз каалоосу менен жумуштан кетип, 2 адам жергиликтүү кеңештин депутаттык мандатын тапшырышты.

 28 мамлекеттик кызматкер чет өлкөлүк жарандыгы бар-жоктугун текшерүүгө алынды.

Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 20 кылмыш иши тергелип, 52 материал боюнча тергөөгө чейинки текшерүүлөр, 141 материал боюнча алгачкы текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Текшерүү иш-чаралары бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерди кош жарандуулуктун болушу жана жасалма дипломдун колдонулушу боюнча текшерүү иштери аяктаганга чейин уланат.
УКМК Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен мамлекеттик кызматкерлерди терс кесепеттерге жол бербөө максатында, пайдаланылышы мүмкүн болгон жасалма дипломдорду жана билими тууралуу документтерди өз демилгеси менен жана ээлеген кызмат ордун ыктыярдуу түрдө бошотуп берүүгө чакырат.