Эми бала бакча, мектеп жана колледж директорлору сынак менен тандалат, – министр

Мындан ары бала бакча, мектеп жана колледж директорлору сынак менен тандалат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев Социалдык тармактын кызматкерлеринин республикалык жыйынында баяндама жасап жатып айтты.

«Бала бакчалардын, мектептердин, кесиптик лицейлердин, колледждердин директорлорун тандоо конкурстук негизде жүргүзүлөт. Бул учурда адам фактору толугу менен жокко чыгарылат. Сынактын натыйжасы кырдаалдык тапшырмалар менен жана ыкчам чыгарып берүүчү компьютердик тест менен аныкталат. Бул жаңыланган кадрдык потенциалды дароо түзүүгө шарт жаратат», – деди Бейшеналиев.