Украинадагы кырдаал боюнча тынч митингдерди өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкек шаарында район аралык соттордун чечими менен Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча тынч митингдерди, акцияларды өткөрүүгө тыюу салынды. Бул туурасында Шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Биринчи май, Ленин, Свердлов жана Октябрь райондук соттор мэриянын райондук муниципалдык администрацияларынын Россия — Украина чатагы боюнча тынч митингдерди жана акцияларды өткөрүүгө быйылкы жылдын 1-апрелинен 1-июлуна чейин тыюу салган чечимин мыйзамдуу деп тааныган.

Жогорку соттун басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктады.

Мындай чектөө борбордук Ала-Тоо аянтында мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларды өткөрүүгө тийиштүү эмес экени белгиленди. Шаардык милиция бишкектиктерге жана борбор калаанын конокторуна кайрылып, бул эрежени бузбоого чакырды.