Актёр Чыңгыз Мамаев зордуктоого шектелип камакка алынды

Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 155-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү тергөө бөлүмүнө жеткирилип, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Свердлов райондук соту анын бөгөт чарасын карап, камакта калтырган.

Тергөө уланууда.