Алымкадыр Бейшеналиев: “Исманкуловду «до конца» бүтүрмөй болдум”

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мындан ары журналисттерге интервью бербей турганын билдирди.

«Мага интервью бербе дешти. Ким айтканы сыр болсун. Асмандан жерге түш дешти. Мен макул дедим. Исманкуловду «до конца» бүтүрмөй болдум. Менин кыялым «Алтын балалык» борборун бүтүрүү.

Ушул эки иш калды. Бирөөнүн куйругун басып коюптурмун. Ошол үчүн чалып, интервью сурап жаткан журналисттер таарынбасын.

Мага алар чалбай деле коюшса жакшы болмок. Мен медиктерге да үй кура албай калат экенмин. Мамлекет курат деп айтышты. Медиктерден да кечирим сурайм»,- деди ал.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Алымкадыр Бейшеналиев президенттикке да татыктуу инсан экен деген кептер айтылып, анын кылып жаткан иштери көпчүлүк тарабынан колдоо тапкан.

Ошону менен бирге эле, айрым социалдык тармактардын колдонуучулары анын жасап жаткан иштерине эч кандай баа бере алышкан эмес.