“Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун мүчөсү уюмга мүчө болуудан баш тартты

Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, 2017-жылы “Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун мыйзамсыз иштерине катышып, активдүү экстремисттик жашыруун кызматкерлери менен байланышта болгон 1994-жылы туулган жаран радикалдык көз караштан баш тартты. Анын жашаган жери боюнча процессуалдык иш-чараларды жүргүзүүдө “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун адабияттары табылган.

Азыркы учурда УКМК тарабынан “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле аталган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча иштер улантылууда.