Ак-караны талдай билген акындар. Эркиндик, адилеттүүлүк жана акыйкат!

0
70

Кыргыздын төкмө акындары байыртан калайыктын көйгөйлүү, курч маселелерин көтөрүп ырдап, бай-манаптардан, бектерден тартынбай, куугунтуктан коркпой өз ойлорун эркин билдирип келишкен. Азыркыга чейин Жеңижок, Арстанбек, Токтогулдун төккөн ырлары эл арасында айтылып, баа берилип келет. Эркиндикти сүйгөн уникалдуу өнөр тууралуу азыркы акын, манасчы жана журналисттер эмне дейт?

Төкмө акын, эмгек сиңирген артист Азамат Болгонбаев кыргыздын байыртан келаткан мурастарынын бири – төкмөлүк өнөр тарыхты, санжыраны биздин убакка чейин жеткирди деп эсептейт. “Манас” эпосунда айтылган Ырамандын ырчы уулу Манас баатырдын башынан өткөргөн окуяларын, эрдиктерин айтып берип отурган адам болгон. Демек, төкмөлүк ошол убактан бери келе жаткан өнөр.

Азамат Болгонбаев – эмгек сиңирген артист, төкмө акын: Кыргыз акындары азыр да коомдун кызыкчылыгында ырдайт

“Ырамандын ырчы уулунан бери карай байыркы Токтогул, кийинки Токтогул аталарыбыз, алардан кийин өмүр сүргөн аталарыбыз дагы өздөрүнүн түпкүлүктүү жолун улантып келген. Айрым доорго же ошол учурдагы коомдук түзүлүшкө байланыштуу акындардын баалуулуктары өзгөргөн деп айтсак болот. Маселен, СССР маалында ошол эле Алымкул, Калык, Осмонкул аталарыбыз ырдап, алар көбүнесе элдин, жердин жетишкендиктерин жана руханий баалуулуктарын ырдаганга туура келген”.

Байыркы Токтогул атабыз акыйкатты айтып жүрүп дарга асылганын, кийинки Токтогул атабыз талаш-тартыш, көрө албастыктын айынан сүргүнгө айдалганын да кошумчалап, алар өз доорунда айткан чындык, адилеттин кадырына жеттикпи деген суроо коет. Бирок азыр да акындар коомдун кызыкчылыгында ырдоону улантып жатканын белгиледи.

“Акаевдин мезгилинен бери Элмирбек байкенин жакшы бир мындай саптары бар:

Жаттан карыз көп алды

Жан кечтилер жеп алды,

Бөлөктөн карыз көп алды

Бөрүлөр талап жеп алды.

Ушуга окшогон саптар ар бир уюштурулган айтыш сайын айтылып келет. Маселен, Жеңижок акын жаңы чыгып келе жаткан кезде, эл арасында Жеңижок деген акын чыгыптыр деген кептер шамалдай жайылганда ошол жердин башкарып турган адамы Сулайман: “Өнөр дегенди биз билебиз, анын ырдаганын, төккөнүн мен угушум керек”, деген экен. Ал кездин эл башкарган адамдары чыныгы өнөрпоздун кадырын билип, сындап ырдаган болсо башын алыш керек деген эмес. Кыскасы ошол кездин бийлери, манаптары сөз касиетин түшүнгөн адамдар болуп, оор маселелер улуулук жана бийиктик менен чечилген”.

Кыргыз оозеки чыгармачылыгындагы залкар акын Токтогул Сатылгановдун төмөнкү “Замана” деген ыр саптарында камтылган бай-кедей мамилеси ошол кездеги коомдогу социалдык абалды сүрөттөп, элдин зар-муңун, оор турмушун баяндап турат:

Далайларды кор кылып,

Зарланткансың, замана,

Кедейлерди байларга

Карматкансың, замана

Ажыдаардай залимге

Арбаткансың замана

Желмогуздай байларга

Жалматкансың замана.

Самат Көчөрбаев – Маданият жана искусство университетинин музыка факультетинин деканы, манасчы: Жада калса Манас атабызды нарк, салт менен тыйган учурлар бар

“Кыргыз эли эркиндикти сүйгөн эл деген сөздү бүгүнкү күндө акындар өз мисалында көрсөтүп келе жатышат. Байыртан ошол акындарыбыз хандан, бектен тартынбай чындыкты бетке айтып келишкен. Тарыхтан карасак, Толубайдын учурундагы Токтогул деген ырчы чындыкты айтам деп дарга асылып кеткен. Бардыгына кайыл болуп, акырында “жансоога сура, бул оюңдан кайт” десе, бул оюн “меники чындык, андан кайтпайм”, деп ишенимдүү жаңыртуу менен төмөнкү саптарды айтып дарга асылып кеткен:

Өлтүрсөң өлөрүм бар

Өлбөчү өнөрүм бар,

Астырсаң денем калар

Ырларым оттой жанар.

Демек, чындык дегенде тике карап, акыйкат дегенде тикесинен тик тура турган кыргыз эли деп билсек, анын ичиндеги символ катары акындарды билебиз. Бүгүнкү күндө да төкмөлөрүбүздүн оозун эч ким тыя албайт. Алар айтчусун айтып, оюн билдирип жатышат, анткени азыр эркин заман”.

Акындардын чыркыратып айткандарын тыйып, жаап жашыруу менен эч нерсеге жете албай турганыбызды, тескерисинче алардын жаңырткан чындыгы турмуштун реалдуу сүрөттөлүшүн берерин айтат. Ошондой эле “Манас” эпосунда да эл башчы Манастан тартынбай, Кошойдун айтканын мисал кылат.

“Манас Манас болуп кылкылдаган кытайга кыргыздын башында туруп, туруштук берип атагы ай чапчып турган учурда да, эч кандай кызматы жок катардагы эле аксакалдар кызматынын башчысы деп коебузбу же жөн эле нарк билген, салт билген карыя дейбизби Кошой Манас атабыз чекилик кетирген кезде зекип, сөз менен, нарк менен, салт менен Манасты шүк отургузуп койгон.

Буга мисал, Көкөтөйдүн ашында аттар кайдан чабылып, кайдан токтойт дегенде шашып кетип кырк чоронун бири Үрбү айтып жиберсе, Манас баатыр ачууга алдырып аны баштан ары чаап калат. Ошондо Кошой Манаска: “Манас, Манас деп койсо барбая түшөт экенсиң, чала үйлөгөн чаначтай, дардая түшөт экенсиң”, деп атпайбы. Демек, бул сөздөрдө нарк, салт журт башчынын сөзүнөн дагы бийик турат, ал өзгөрүлгүс, бардыгына бирдей деген маанини камтып турат”.

Нечендеген кылымдардан бери келе жаткан  адилеттик менен ширелишкен сөз эркиндиги, демократиялык көз караш азыр да кыргыз мамлекетинде бар. Бирок айрым учурларда журналисттерге карата жасалган кысым улуттун бул баалуулугун коркунучта кармагансыйт. Коомго белгилүү болуп калгандай азыр журналисттер менен төкмө акындар бирге иштеп бир максатты да көздөп жаткан мисалдар бар. Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен акын Болот Назаров чогуу иштеп, оор кырдаалды башынан кечирди.

Болот Темиров – Иликтөөчү журналист: Кыргыз эли азыркыны илгери эле көргөн акылдуу эл

“Жакында эле, бир жылга жетпеген убакыт мурун биз акындардын тарыхый, түпкү максатын ишке ашырууга аракет кылып, төкмө Болот Назаров менен биргелешип “Айт Айт десе” деген долбоор ачканбыз. Ал долбоордун алкагында бизге кошулган акындардан Назаров башчы болуп, коомдогу көйгөйлөрдү түз айтып чыга баштады. Бирок биздин жасап жаткан бул кадамдарыбыз бийликке жакпай калды окшойт”.

Бийлик тарабынан кандай гана кысымдар жасалбасын, өздөрү аткарып келген ишин уланта берерин белгилейт. Акындар менен бирге иш алып баруу – бул жаңы идея деле эмес, болгону кыргыздын тарыхында бар нерсени алып, биринчилерден болуп баштадык дейт.

“Акындардын коомдогу орду башка экенин көрүп, туюууга болот. Анткени биз “Temirov Live” аркылуу иликтөө жүргүзүп, жарыялаган кезде бизди түшүнбөй, бизге карата сын айткандар көп болуп жатат. Ал эми Болот Назаров баштаган акындар иликтөөлөрдү чыгарган кезде, калың эл алардын талантын баалап, акын катары кабыл алып, анчалык сын маанайдагы пикирлерди айтышпайт. Кыргызда илгертен айтылып келген “баш кесмек бар, тил кесмек жок” деген сөзгө туура келип жатат деп айтсак болот. Бул эң туура деп ойлойм, анткени акындардын коомдогу орду өтө чоң”.

Азыр Болот Темиров менен Болот Назаров баштаган топко дагы жаңы акындар кошулууда. Алар менен көз карашы жана максаты окшош болгону үчүн иштешип кетүү оңой жүрүп жатканын айтты. Ошондой эле акындык өнөрдү аркалагандар маселени тереңинен байкоого жөндөмдүү жана шыктуу болуп алардан көптү үйрөнгөнүн айтат.

“Биздин командадагы акындар кыргыздын каада салты, тарыхы жазылган китептерди жана көлөмдүү “Манас” эпосун алып келишти. Чогуу отуруп ырларды окуп, тарых жөнүндө кеп кылганыбызда кыргыз эли мурдатан эле акылдуу эл болгонун көрүп жатабыз. Бүгүнкү болуп жаткан окуя, кырдаалды ошол убакта отуруп эле айтып коюшкан экен. Тилекке каршы, биздин бийликтеги, чечим чыгаруучулар өз тарыхын унуткан окшойт”.

Акындык өнөрүн журналисттик иликтөө менен айкалыштырып жаңы жанрда чыгып келе жаткан Болот Назаровдун пикиринде байыркы кыргыз төкмөлөрүнүн бардыгы ошол замандын журналисттери болуп, алардын негизги вазыйпасы эл менен журт башчылардын ортосунда көпүрө болуу эле.

Болот Назаров – Төкмө акын, иликтөөчү: Иликтөөчүлөргө кошулуп, өз үйүрүмдү таптым

“Мен өзүмдүн үйүрүмдү тапкандай эле бардыгы тегиз жүрүп иликтөөчүлөр менен бирге жемиштүү иш алып баруудабыз. Биз алектенип жаткан иштерди жаңы жанр деп айтууга да болот. Илгертен эле аталарыбыз жегенин да жебегенин да айтып, адилеттүүлүк үчүн күрөшүп келишкен. Илгери Орозо болуш деген болгон, ал акындардын оозунан түшпөй көпкө чейин даңкталып келген. Ал адам элдикин элге эле берип, журт арасында кадыр-баркка ээ болгон.

Азыркы коомдогу болуп жаткан терс көрүнүштөргө көңүл бурбай коюу таптакыр туура эмес. Бардыгыбыз эле балык болуп алсак, бардыгыбыз эле жаздыкка башыбызды коюп, катып алсак, жаздык баатыр, фейк же тролль болуп кетсек, акыйкатты ким айтат анда? “Көзүм көрбөсө койсун, артымды бөрү жесин” болуп кете беребиз да”.

Болот Темиров менен чогуу иштеп Youtube айдыңында “Айт Айт десе” деген каналды иштетип, фактылар менен бийликтин туура эмес иштерин айтып келе жатканын белгиледи. Ошондой эле акындын айтымында 30 жылдан бери өлкөнүн онтоп келе жатканына 30 акын күнөөлүү. Иликтөөчүлөр менен иштешип көп мыйзамсыз иштерди көрүп келүүдө.

“Учурда мен “Temirov Live” журналисттери менен бирге иштешип келе жатам. Алар тигил же бул материал боюнча иликтесе, мен аны ырга салып чыгарам. Журналисттер менен бирге иликтеп, чогуу да талдайбыз. Эң биринчи, алгачкы демократия бизде болгону “Манас” эпосунда башынан аягына чейин жазылып, эркиндикти башкы баалуулук кылган көптөгөн окуялар аны тастыктап турат. Ал тургай, Манас бабабызга “Жоону чапсак биз чаптык, аты калды Манаска”, деп да айтышат.

“Билбегенге бул дүйнө көрдөн көргө сүйрөлүү, билгендерге бул дүйнө күндөн күнгө үйрөнүү”, дейт эмеспи.  Болот агабыз экөөбүз бири-бирибизди жакшы тушүнүп, иштешип келе жатабыз”.

Азыркы убакта акындар өз вазыйпасынан артка тартпай, сахнада эле эмес, 24 саат бою акын болушу керек деген оюн да билдирди. Убагында кедей кембагалдын мүдөөсүн бий менен байларга жар салган ак таңдай акындар кыргызда азыр да жок эмес, болгону өз жоопкерчилигин сезе билиши керек деп эсептейт.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.