Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы камакка алынды

Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы К.М. камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, К.М. айыл өкмөт башчысы болуп турганда жасалма документтерди колдонуу менен айдоо жерлерди турак жай категориясына которгон токтом кабыл алып, аны өзүнүн айланасындагыларга менчикке чыгарып берген. Андан соң алар аркылуу үчүнчү жактарга саткан.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка да адамдары аныктоо, шектүүнү тергөө иштери жүрүгүзүлүп жатат.