Алыска сапар аттанган такси айдоочуларынын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

ЖКККББ: Шаар аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу жана такси айдоочуларынын арасында жол кырсыктарынын алдын алуу жана жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2022 03 26 at 16.05.33 Алыска сапар аттанган такси айдоочуларынын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө


Жол кырсыктарынын алдын алуу, болтурбоо жана жол эрежелерин айдоочулар тарабынган сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери автобекеттерде жана Ош базарынын айланасындагы шаар аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу жана такси айдоочуларынын арасында адам өмүрүнүн баалуулугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

WhatsApp Image 2022 03 26 at 16.05.34 1 Алыска сапар аттанган такси айдоочуларынын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЖКККББ жол кыймылынын бардык катышуучуларына кайрылат. Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Бардык жол кыймылынын катышуучулары Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек.

WhatsApp Image 2022 03 26 at 16.05.34 Алыска сапар аттанган такси айдоочуларынын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө


КР ИИМдин ЖКККББнын Басма-сөз кызматы