Муртазалиев жеңилди: Шайлообек Атазов бир мандаттуу Свердлов шайлоо округунан депутат болду

Мындай чечим БШКнын бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.

Отурумда БШК мүчөлөрү бир добуштан колдоп, бул округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өттү деп таап, жыйынтыгын чыгарды.

Ага ылайык, талапкер Атазов бул округ боюнча жеңүүчү деп табылды.

Белгилей кетсек, БШК 9-марттагы отурумунда Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарган. Боршайком ага добуш сатып алуу фактысы себеп болгонун белгилеген.

Талапкер БШКнын дооматын четке кагып, аны «каралоо» катары сыпаттаган жана административдик, кийин Жогорку сотко арызданган. Сот БШКнын чечимин күчүндө калтырган.

27-февралда өткөн кайра шайлоодо Бишкектин Свердлов округу боюнча 1-орунду Абдурахманхажи Муртазалиев, 2-орунду Шайлообек Атазов, 3-орунду Аскар Алмаз уулу ээлеген.