30 жылда бир метр темир жол курмак түгүл, тескерисинче 42 километр жолубузду жоготуптурбуз, – Садыр Жапаров

Кудай буюрса, өз күчүбүз менен Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун кура баштадык. 1-2 жылда Кочкорго жетип, андан ары Кара-Кечеге кирип барабыз. 30 жыл ичинде республикабызда бир метр темир жол курмак түгүл, тескерисинче 42 километр жолубузду жоготуптурбуз. Албетте өкүнүчтүү. Эми кайра узарта баштадык. Келечекте Кара-Кечеден ары Макмалга жана Жалал-Абадка жеткирип, бириктиребиз. Ошентип, түндүк-түштүк темир жолун ачабыз.

Учурда «Балыкчы-Кочкор» темир жолун курууга даярдык иштери жүрүп жатат.

276322910 2093063710868547 8341457934895202157 n 30 жылда бир метр темир жол курмак түгүл, тескерисинче 42 километр жолубузду жоготуптурбуз, - Садыр Жапаров

Атап айтканда, маршруттун баштапкы тилкесинде төмөнкүдөй жумуштар аткарылууда:

  • жерди казуу жана алып салуу;
  • шагыл менен кайра толтуруу;
  • дренаждык жумуштар;
  • темир-бетон шпалдарын төшөө үчүн шагылдары жайгаштыруу;
  • жебе котормосун жайгаштыруу.

Жакынкы арада «Балыкчы-Кочкор» темир жолунун курулушунун расмий ачылыш аземи күтүлүүдө.

photo5319007969360331478 1024x768 1 30 жылда бир метр темир жол курмак түгүл, тескерисинче 42 километр жолубузду жоготуптурбуз, - Садыр Жапаров

Белгилей кетсек, бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын калкын жана ЖЭБди көмүр менен камсыз кылуу үчүн Кара-Кече көмүр кенин иштетүүдө көмүрдү ташуу үчүн эң арзан жолду түзүүгө байланыштуу чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ.

Учурда «Кыргыз темир жолу» УК» МИ тарабынан «Балыкчы — Кочкор -Кара-Кече» (186 км) темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Биринчи этап узундугу 63 чакырымды түзгөн «Балыкчы-Кочкор» темир жолунун курулушун камтыйт.