Кудай буюрса, өз күчүбүз менен Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун кура баштадык. 1-2 жылда Кочкорго жетип, андан ары Кара-Кечеге кирип барабыз. 30 жыл ичинде республикабызда бир метр темир жол курмак түгүл, тескерисинче 42 километр жолубузду жоготуптурбуз. Албетте өкүнүчтүү. Эми кайра узарта баштадык. Келечекте Кара-Кечеден ары Макмалга жана Жалал-Абадка жеткирип, бириктиребиз. Ошентип, түндүк-түштүк темир жолун ачабыз.
Учурда «Балыкчы-Кочкор» темир жолун курууга даярдык иштери жүрүп жатат.

Атап айтканда, маршруттун баштапкы тилкесинде төмөнкүдөй жумуштар аткарылууда:
- жерди казуу жана алып салуу;
- шагыл менен кайра толтуруу;
- дренаждык жумуштар;
- темир-бетон шпалдарын төшөө үчүн шагылдары жайгаштыруу;
- жебе котормосун жайгаштыруу.
Жакынкы арада «Балыкчы-Кочкор» темир жолунун курулушунун расмий ачылыш аземи күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын калкын жана ЖЭБди көмүр менен камсыз кылуу үчүн Кара-Кече көмүр кенин иштетүүдө көмүрдү ташуу үчүн эң арзан жолду түзүүгө байланыштуу чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ.
Учурда «Кыргыз темир жолу» УК» МИ тарабынан «Балыкчы — Кочкор -Кара-Кече» (186 км) темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Биринчи этап узундугу 63 чакырымды түзгөн «Балыкчы-Кочкор» темир жолунун курулушун камтыйт.