Мэрия айдоочуларга: Унааларды бактардын алдына токтотпогула!

Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жол кырсыктарын жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бактардын жана жеңил объекттердин жанына токтотпоону билдирет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

«Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болгондор болсо, «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номурларына жана борбор калаанын мэриясынын Call-борборуна: 1840 жана 1850 кабарлаңыздар. Ошондой эле фото жана видео фактыларды 0554 -182-185 номуру боюнча жөнөтүңүздөр»,- деп берилет билдирүүдө.

Эскерте кетсек, борбор калаада нымдуу кар бак-дарак бутактарынын салмагына таасирин тийгизүүдө.