Мелис Аспеков жети жылга эркинен ажыратылды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 23-марттагы өкүмү менен Мелис Аспеков Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. 

— 208-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык — опузалап талап кылуу — 6 жылга эркинен ажыратуу;

aspekov Мелис Аспеков жети жылга эркинен ажыратылды

— 204-берененин 3-бөлүгү боюнча — алдамчылык — 6 жылга эркинен ажыратуу. Эки жазаны бириктирүү менен сот 7 жылга эркинен ажыратуу жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөө чечимин чыгарды.

Сот өкүмдү аткаруу мөөнөтүн 2021-жылдын 9-январынан тарта санай баштады. Мындан тышкары, сот айыпталуучулардан Дашков, Насиров жана Мурзамидиновдун пайдасына 21 миллион 197 миң сом, Тамара Ворованын пайдасына 304 миң сом, Луиза Кажымуратовадан 1 миллион 729 миң сом, Карягинадан 205 миң сом келтирилген чыгымды өндүрүүгө өкүм кылды.