Активист Мелис Аспеков абактан чыкты

Жазаларды аткаруу кызматы соттолгон активист Мелис Аспековдун абактан чыгышы боюнча түшүндүрмө берди.

Маалым болгондой, былтыр 23-мартта Аспеков Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208 жана 204-беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылган.

Ошол эле жылы 5-июлда иш Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук соттун 204-берене боюнча өкүмү өзгөртүлгөн. Аспеков 6 жылга соттолгон.

Анын жаза өтөө мөөнөтү 2021-жылдын 9-январынан тарта эсептелген.

Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 23-майындагы «Соттолгондорго ырайым берүү жөнүндө» жарлыгы менен Аспековдун жазаа мөөнөтү 3 жыл 8 айга кыскартылган.

23-майда Аспеков Молдовановкадагы №27 абактан бошотулган.

Жазаларды аткаруу  кызматы билдиргендей, Аспеков 2021-жылдын январынан бери 2 жыл 4 ай 14 күн камакта болгон. Анын камактагы убактысы 3 жыл 8 айга кыскартылгандыктан, Аспеков 6 жылдык жаза мөөнөтүн өтөдү деп эсептелген.

Эскерте кетсек, мыйзамга ылайык президент соттолгон жарандарга ырайым берүү укугу бар. Ырайым алуу үчүн соттолгон жаран президенттин атына өтүнүч менен кайрылат.