Украинадагы каза болгон жигиттин сөөгү алынып келине элек

Орусиянын армиясында кызмат өтөп жүрүп, Украинадагы cогушта каза болгону айтылып жаткан жигит Ысык-Көл облусунда туулуп-өскөнү маалым болду.

Вulak.kg редакциясына жакындары билдиришкендей, аны менен бирге кызмат өтөгөн дагы жанындагы үч аскер окко учкан. Норильскинин жетекчиси маркумга баатыр наамы бериле тургандыгын билдирген. Маалыматка караганда ал Норильскиден армияга өз эрки менен барган.

Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл аймагынын башчысы Эрлан Жумековдун маалыматына караганда, анын сөөгү алынып келине элек.

Маалыматта айтылгандай, маркумдун сөөгү Кыргызстанга келе элек. Окко учкан 19 жаштагы жигит Орусиянын жараны болгон.

“Сөөктү бул жакка алып келе элек. Күтүп жатышат. Атасы бул жакта. 2002-жылкы бала экен. Орусиянын жараны. Башка маалымат жок”, — деген Жумеков.