Ош аэропортунда контрабандалык жол менен алып бара жаткан 2 кг жакын салмактагы алтын буюмдар кармалды

2022-жылдын 19-март күнү саат 19:30дар чамасында, Ош ОИИБдин кызматкерлери менен Түштүк бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн иш чаралардын натыйжасында алтын буюмдарды контрабандалык жол менен алып бара жаткан 4 жаран кармалган.

WhatsApp Image 2022 03 22 at 10.17.39 Ош аэропортунда контрабандалык жол менен алып бара жаткан 2 кг жакын салмактагы алтын буюмдар кармалды


Аталган жагдай Ош ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзүлүп тиешелүү материалдар топтолгон.

WhatsApp Image 2022 03 22 at 10.17.40 1 Ош аэропортунда контрабандалык жол менен алып бара жаткан 2 кг жакын салмактагы алтын буюмдар кармалды


Текшерүүнүн жүрүшүндө Өзбекистан Республикасынын жарандары: 51 жаштагы М. Л. атту жарандан салмагы 500 граммды түзгөн ак алтындан жасалган зергердик жасалгаларды ( эки даана билерик, бир даана шакек жана бир даана моюнга тагуучу жынжырча), 51 жаштагы М.Т. аттуу жарандан (аял киши) салмагы 430 граммды түзгөн алтындан жасалган зергердик жасалгалар ( эки даана шакек, бир даана билерик, бир даана моюнга тагуучу жынжырча),
27 жаштагы Н.Н. аттуу жарандан салмагы 504 граммды түзгөн алтындан жасалган зергердик жасалгалар (бир даана шакек, эки даана билерик, бир даана моюнга тагуучу жынжырча) жана 23 жаштагы М.Н. аттуу жарандан салмагы 508 граммдан турган алтындан жасалган зергерлик жасалгалар (эки даана шакек, эки даана билерик жана бир даана моюнга тагынуучу жынжырча) баары болуп 1 кг.972 грамм алтындан жасалган зергерлик жасалгаларды тагынып өтүп бара жатышкан жеринен, Ош Эл аралык аэропортунда кармалышкандыгы аныкталган.

WhatsApp Image 2022 03 22 at 10.17.37 Ош аэропортунда контрабандалык жол менен алып бара жаткан 2 кг жакын салмактагы алтын буюмдар кармалды


Бүгүнкү күндө аталган атуулдардын көрсөтүлгөн алтын буюмдарын алган жерин жана эмне максатта алып бара жатышкандыгын аныктоо максатында текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2022 03 22 at 10.17.38 Ош аэропортунда контрабандалык жол менен алып бара жаткан 2 кг жакын салмактагы алтын буюмдар кармалды

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы