Жабырлануучунун билдиргенине караганда ал төрт жаштагы сиңдиси менен майрамда эс алганы сыртка чыгышкан. Байтик Баатыр жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен ага бир аял кол салып, мурдун сындыра чапкан.
![WhatsApp Image 2022 03 22 at 13.10.25 Майрамда тургунду психологиялык жактан жабыркаган аял кол салып, мурдун сындыра чапкан](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2022/03/WhatsApp-Image-2022-03-22-at-13.10.25.jpeg)
Бишкектин тургуну милицияга кайрылганда, ал биринчи жолу бул аялдан жабыркап калгандардан эместигин айтышкан. Ал дагы башка жарандарга да кол салган.
Жабыркагандардын айтымында ал психологиялык жактан жабыркайт, «ал 20-25 жашта, башында ачык көк түстөгү баш кийим, көк кофта, ак чыптама, кызыл сумкажана кара шым кийген», —дейт жабырлануучу.