Россияда такси кызматында чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүктөрдү жаратпай турган мыйзам сунушталды

РФ президентинин алдындагы жарандык коомдун кеңешинин башчысы Валерий Фадеев РФнын премьер-министри Михаил Мишустинге кат жөнөттү. Анда ал башка өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүктөрү менен иштеп жаткан жарандарга иштөөгө тыюу салынары тууралуу айтылган. Бул тууралуу ТАСС билдирди.

Катта Фадеев белгилегендей, «РФ аймагында жүк, буюртма аркылуу жана адам ташуучу унаалардын айдоочулары боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча» сунуштама берилген, учурда бул сунуш Мамдуманын кароосунда турат. Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, анда мындай толуктоолор кирип жатат:

-айдоочулук күбөлүк Россиядан гана берилген жарандар жумушта иштөөгө мүмкүнчүлүк алат. Чет өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүктөрү Россия Федерациясында жараксыз болуп калышы толук ыктымал.

Мындай ыкма менен аталган кеңештин башчысынын айтымында, чет өлкөлүк айдоочулар жекече жол жүрүүгө гана болот. Ошондой эле бул мыйзамга толуктоолордун кириши башка айдоочуларга эл аралык жүк ташууга жол тосулбайт.

Фадеевдин айтымында, башка өлкөлөрдөн айдоочулук күбөлүк алгандар кайрадан Россиядан аталган күбөлүктү алышса болот.