Boeing 737 учагынан мерт кеткендердин сөөгү табыла элек

Куткаруучулар Кытайдын түштүгүндө кырсыкка кабылган Boeing 737 учагынан аман калгандарды же каза болгондордун сөөгүн таба элек. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учурда кырсык болгон жерден куткаруучулар учактын калдыктарын табышты, бирок дайынсыз жоголгондор табыла элек. Ошол эле учурда тоолуу рельеф издөө иштерине чоң кыйынчылыктарды жаратып жатканы айтылды.

Эске салсак, MU 5735 каттамы Кытайдын түштүк-батышындагы Юньнань провинциясындагы Куньмин Чаншуй аэропортунан учуп чыккан. Учак Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясынын Гуанчжоу шаарына бармак. Бирок учуу учурунда жердеги кызматтардын учак менен байланышы үзүлгөн.

Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Учакта 123 жүргүнчү жана тогуз экипаж мүчөсү болгон.