Балбан Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабековго батир белекке берди

 Балбан Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабековго батир белек кылды.

Маалым болгондой, Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековго арналып, «Нурбек агай» даректүү тасмасынын бет ачары өттү.

818118.cfd89be4d0c9fc49256b3292faf243f2  Балбан Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабековго батир белекке берди

Премьеранын жүрүшүндө чемпион Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусуна батирдин ачкычын тапшырды.

Белгилей кетсек, Изабеков 2010-жылдан тарта Кыргызстандын аялдар күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу. Анын колунда машыккандар өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасындагы Азия, дүйнө чемпионатынан жана эл аралык мелдештерден байгелүү орундарга ээ болуп келет.