Интернет мейкиндигинде баңгизаттарды сатуу боюнча 30 онлайн-дүкөндөр аныкталып, ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Синтетикалык баңгизаттарга, IT технологиялар чөйрөсүндөгү баңгилик коркунучтарга, баңгилик кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Синтетикалык баңгизаттарга, IT технологиялар чөйрөсүндөгү баңгилик коркунучтарга, баңгилик кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча башкармалыгы 2021-жылдын август айында түзүлгөн. Аталган башкармалык тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү багытында 60 факты баңгилик кылмыш аныкталган.
Бул башкармалык тарабынан эл аралык баңгилик топтор менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында гана эмес, коңшу мамлекеттерде да иш жигердүү жүргүзүлөт. Орусия Федерациясындагы жана Казакстан Республикасындагы кесиптештер менен биргеликте улуттар аралык баңгилик топторду жок кылуу боюнча эл аралык операциялар өткөрүлгөн. Натыйжада 65 кг ашуун баңгизат каражаттар жана психотпроптук заттар алынган.


Масштабдык ташып киргизүүлөр Кыргызстандан Орусияга багыт алган, аларга бөгөт коюуда 39 кг ашуун каннабис тобундагы ооган баңгизат каражаттары алынган.
Ошондой эле башкармалыктын кызматкерлери тарабынан коңшу мамлекеттердин атайын кызматтары менен биргеликте Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын аймактарына психотроптук заттарды жайылтуучу туруктуу баңгилик топторду кармап, жок кылуу боюнча бир нече операциялар өткөрүлгөн. Ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө синтетикалык баңгизаттарды даярдоочу баңгилик лабораториялар аныкталып, бөгөттөлүп, натыйжада 30 кг ашуун баңгизат каражаттар жана психотпроптук заттар алынган.
Интернет мейкиндигине мониторинг жасоо багытында жигердүү жумуш жүргүзүлүп жаткандыгы байкалат, баңгизаттарды сатуу боюнча онлайн-дүкөндөр аныкталып, 30 дүкөндүн мүмкүнчектерине бөгөт коюлган. Башкармалыктын кызматкерлери Darknet, ViPole, Telegram жана башка интернет аянттарында тыюу салынган заттарды сатуучу жактарды аныктоо үчүн дайыма мониторинг жүргүзүп турушат.


Кезектеги мониторинг жүргүзүү учурунда 2021-жылдын декабрында Бишкек шаарында интернет дүкөн аныкталып, ал жактан башкармалыктын кызматкерлери тарабынан, 10 млн. сумманы түзүүчү, синтетикалык баңгизаттарды даярдоочу, өндүрүүчү баңгилик лабораторияга бөгөт коюлган. Азыркы күндө баңгизат каражаттарды жана психотроптук заттарды таркатуучу интернет-дүкөндөрдү уюштуруучулар жана ага тиешеси бар жактар аныкталган, “Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) жана “Кыргызстандын чек арасы аркылуу өтүүнүн атайын эрежелерине кирүүчү предметтердин контрабандасы” беренеси боюнча фактылар катталган. Компетенттүү органдар жана Прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү максатында, интернет аянттарында баңгизат каражаттарды сатуучу, интернет-дүкөндөргө бөгөт коюу боюнча механизм иштелүүдө.


Ошондой эле укук коргоо жана Прокуратура органдарынын өкүлдөрү менен жаңы жазыктык мыйзамдарды талкуулоо жана аларды азыркы учурга ылайыктап киргизүү талкууланган. Бул кызматкерлердин баңгилик кылмыштарды аныктоодогу жумушун жеңилдетет. Башкармалык тарабынан кызматкерлердин квалификацияларын жогорулатуу жана кадрлык дараметтерин жакшыртуу боюнча иштер дайыма жүргүзүлүп турат. Орусиянын ИИМдин Баңгизаттарды контролдоо боюнча башкы башкармалыгынын, БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын жана ЕККУнун Бишкек шаарындагы программалык кеңсесинин жигердүү колдоосу алдында синтетикалык баңгизаттарга, IT-технологиялар чөйрөсүндөгү баңгилик коркунучтарга жана баңгилик кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча квалификацияларын жогорулатуу боюнча курстар өткөрүлүп турат.


Азыркы учурда башкармалык тарабынан интернет мейкиндигиндеги кылмыштарды токтотуу, синтетикалык баңгизаттарды өңдүрүүчү баңгилик лабораторияларды уюштурган жактарды аныктоо жана кармоо, ошондой эле башка мамлекеттердин укук коргоо органдары менен эл аралык баңгилик топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү иштери уланууда.

YouTube video

ИИМдин Басма сөз кызматы