Кара-Кулжада бир күн мурда жоголгон 9 жашар баланын сөөгү табылды

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Буга айылынын 2013-жылы туулган Ш.М. аттуу жашоочусу 16-мартта үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

17-мартта дайынсыз жоголгон 9 жашар баланы издөө үчүн Кара-Кулжа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 10 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 65 адам тартылды.

Куткаруучулар тарабынан Чалма айыл аймагында жайгашкан Шиштей-Дөн тоосунун боорунан жогоруда аталган баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.