Украинада согуш башталгандан бери саламаттык сактоо мекемелери кеминде 43 жолу чабуулга кабылды

Украинада согуш башталгандан бери саламаттык сактоо мекемелери кеминде 43 жолу чабуулга кабылып, жыйынтыгында бери дегенде эле 12 киши каза болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Гебрейесус БУУнун Коопсуздук кеңешинде билдирди.

Орусиянын Украинадагы аскердик агрессиясына арналган Коопсуздук кеңештин жыйыны бейшемби күнү Нью-Йоркто өттү.

“Кандай гана жаңжал болбосун, саламаттык сактоо мекемелерине кол салуу – эл аралык гуманитардык укукту бузуу болуп эсептелет”, — деди ДССУнун башчысы.

Ал бүгүнкү күндө орус аскерлеринин курчоосунда калган Сумы жана Мариуполь шаарларына гуманитардык жардам жеткирүүдө кыйынчылыктар болуп жатканын кошумчалады.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү кайрадан Орусиянын аракеттерин кескин сынга алып, Москваны тез арада ок атууну токтотууга чакырышты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Европа биримдигинин тышкы саясат мекемесинин башчысы Жозеп Боррель Орусияны Украинада аскердик кылмыш кылып жатат деп айыпташты. Блинкен Орусиянын президенти Владимир Путинди “аскердик кылмышкер” деп атаган АКШ лидери Жо Байдендин айткандары менен толук макул экенин билдирди.