Алымкадыр Бейшеналиев: Менин кызматтан кетишимди эл суранган жок

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев хирург Эрнст Акрамовдон кечирим сурабай турганын айтты. Бул тууралуу ал Супер. кж  порталына билдирди.

“Мен андан эч качан кечирим сурабайм. Меники туура. Менин кызматтан кетишимди эл суранган жок. Эл суранса кызматтан кетем. Мен бардыгын туура кылдым“, – дейт ал.

Анын акыркы кадамдарын президент Садыр Жапаров кандай кабыл алып жатканын билбей турганын айтты.

Кечээ, 17-мартта депутаттар аны сындап, президент буга реакция кылышы керектигин айтышкан. Бүгүн да ага карата чара көрүүнү айрым белгилүү ишмерлер нааразы болуп жатканын билдиришти.

Алардын бир тобу 18-мартта Бишкекте басма сөз жыйынын уюштурду. Алардын бири парламенттин мурдагы депутаты Галина Куликова Бейшеналиевдин окумуштуу-хирург, медицина илимдеринин доктору Эрнст Акрамовдун дарегине айткан сөздөрүн сындады.