Манас РЭТтин жооптуу кызматкерлеринин коррупциялык аракеттери аныкталды

Талас областынын Манас райондук прокуратурасы тарабынан Манас РЭТ мекемесинин жооптуу кызматкерлеринин коррупциялык аракеттери аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган мекеменин жооптуу кызмат адамдары өзүнүн тескөө жана башкаруу укуктарын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, мамлекетке 1 млн 407 миң 523,08 сом зыян келтиришкендиги тастыкталды.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.