ИИОнун катарында кызматтын кызыкчылыктарын саткандарга каршы күрөш жүргүзүлүүдө

ИИОнун катарында кызматтын кызыкчылыктарын саткандарга каршы күрөш жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын ИИМинин Ички иликтөө кызматынын алдында маанилүү милдеттер турат – коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, жарандарды милиция кызматкерлеринин укукка каршы аракеттеринен коргоо жана башкалар.
ИИМдин системасында коррупционерлерге, кызматтын кызыкчылыктарын саткандарга каршы күрөш жүргүзүлүүдө. Министрликтин жетекчилигинин коррупцияга болгон мамилеси эч качан өзгөрбөйт – мыйзам бузуучулар мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартылат. Бул ИИМдин принципиалдуу позициясы.


Сиз милициянын мыйзамсыз иш-аракеттерине дуушар болдуңузбу? Сизге арызыңызды кабыл алуудан баш тарттыбы? Акча каражатын талап кылуудабы? Коркутуудабы? Шантаж кылуудабы?


Тез арада ИИМдин Ички иликтөө кызматына билдириңиз: 0704 99-99-18.
Ички иликтөө кызматы ыкчам, ар тараптуу, калыс иликтөөнү камсыз кылат. Кызматтын кызматкерлери Кыргызстандын милициясынын ишмердүүлүгүндө адамдын укуктарынын бузулганын аныктоо, бөгөт коюу жана жол бербөө үчүн ыкчам алдын алуу иштерин ар дайым жүргүзүп келет.

YouTube video

ИИМдин Басма сөз кызматы