ЕАЭБдин алкагында айрым келишимдерди өзгөртүү сунушталды

16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “2021-жылдын 8-
февралында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия
экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
протоколду ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында экономика жана коммерция
министринин орун басары Искендер Асылкулов баяндама жасады.


«Протокол аркылуу ЕАЭБдин жана ЕАЭБге мүчө болбогон мамлекеттердин товарларына
эркин экономикалык аймактарда кошумча нарк салыгын алуу үчүн бирдей шарттарды
камсыз кылуу сунушталууда», – деди Алыкулов.


Ошондой эле жыйында “2021-жылдын 5-августунда Москва шаарында кол коюлган,
Евразия экономикалык комиссиясынын кадрдык курамын түзүү механизмин тактоо
бөлүгүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө долбоор биринчи окууда каралды