Эрнст Акрамовдун ар-намысын коргоо штабы Бейшеналиевди жоопко тартууну талап кылышты

Rоомдук ишмерлер, илимпоздор, дарыгерлер жана искусство өкүлдөрү окумуштуу-хирург, медицина илимдеринин доктору Эрнст Акрамовдун ар-намысын коргоо штабын түзүштү.

Анын башчылыгына Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова дайындалды. Штабдын өкүлдөрү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, анын орун басары Эдил Байсаловго кайрылуу жолдоп, Акрамов тууралуу айткан сөзү үчүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди жоопко тартууну талап кылышты.

15-мартта жарандык активисттер, журналисттер жана дарыгерлер окумуштуу-хирург, медицина илимдеринин доктору Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институтунун жабылышына нааразылыгын билдирип чыгышкан.

Бейшеналиев 14-мартта Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институту жабылганын билдирген.