Бейшеналиев 148 медикке турак жай сатып берет

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көлдөгү 130 коттеджин сатып, анын акчасына медиктерге турак жай сатып берет.

«Мен уулума коттедждери сатуу сунушун айттым, азыр бизде 15-20 миллион бар. Учурда батири жок медиктер бар.  148 батир ак халатчандарга сатып бермей болдук. Мен аларды кыйналып жаткандарга сатып берем. Байтик Баатыр жана Донецк көчөлөрүнүн кесилишинде түрк фирмасы турак жай куруп жатат, мен алар менен алты ай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам. Алар жер сатып алышкан, ага $2 миллион сарпталды. Бүгүн Түркияга учуп кетем, ал жакка барып аталган сумманы берем да кайра курулушту жандантам», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

«Мен Кыргызстандын эң бай адамымын. Мен медиктерге эле эмес, комузчуларга да үй берип жүрөм. Кечээ травматология бөлүмүн ачып, анын ремонтуна $1 миллион жумшадым.

«Алтын балалык» борборун да жасап жатам, $10 миллион ал жакка бердим. Мага айлыктын да кереги жок. 20-25 миң сомдун эмне кереги бар? Мен операцияларды бекер эле жасайм» — деп кошумчалады чиновник.