Сириядагы согушка бара турган чет элдик жарандар кармалды

  • Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн чет элдик жарандар
    кармалганын УКМК маалымдады.

  • Тактап айтканда, 13-мартта Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын чек
    арасынан мыйзамсыз өткөн деген шек менен Борбор Азиядагы мамлекеттердин
    биринин эки жараны кармалды. Алар мурда терроризм боюнча соттолгон жергиликтүү
    тургундун жардамы менен жашынып жүрүшкөн.

  • Кармалгандар Кыргыз Республикасына келгенден кийин Сириядагы согуш жүрүп жаткан
    аймактардагы террористтик уюмдардын катарына кошулуу максатында өздөрүнө
    Кыргызстандын паспортторун жасатууга аракет кылышкан.
    Азыркы учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
    Кармалгандар абакка камалды.
1326227.928c9aee1d2d121363953cf96fa2762f Сириядагы согушка бара турган чет элдик жарандар кармалды
1326226.5a8510579b70798a2a25b307fe198a2d Сириядагы согушка бара турган чет элдик жарандар кармалды