Аксыда ысырапкерчиликтин алдын алуу иштери жүрүүдө

Аксы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан эл арасында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгынын негизинде жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүшүүдө. Анда курулай намыстанып, бири-бирине атаандашуу менен материалдык чыгымдарга кептелбей, туура эмес ырым-жырымдардан арылуу керектиги эскертилди.

b33f4fa6 bf9c 4cb6 a34c caf7764576f3 Аксыда ысырапкерчиликтин алдын алуу иштери жүрүүдө
83532df8 2238 4ed3 b2a8 e1ec2e74c14b Аксыда ысырапкерчиликтин алдын алуу иштери жүрүүдө

Жарандарга бул багытта милиция жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуу зарылдыгы айтылып, Президенттин жарлыгынын аткарылышына кайдыгер карабоого чакырышты.

Эл арасында жүргүзүлгөн профилактикалык жумуштардын натыйжасында ыксыз чыгымдарды азайтуу сунушун колдогондор арбын болууда.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы