Кара-Суу районунда автоунааны айдап качкан жаран кармалды

2021-жылдын 14-декабрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Суу шаарынын жашоочусу К.Н. аттуу жаран ага таандык болгон “Daewoo matiz” үлгүсүндөгү автоунаасы уурдалгандыгы тууралуу арыз менен кайрылган.

WhatsApp Image 2022 03 15 at 13.35.19 Кара-Суу районунда автоунааны айдап качкан жаран кармалды


Аталган маалымат Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Бул боюнча, Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Баткен облусунун тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон 23 жаштагы Ж. уулу А. аттуу жаран экендиги аныкталып, 2022-жылдын 14-мартында Баткен облусунун аймагынан кармалып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

WhatsApp Image 2022 03 15 at 13.35.18 Кара-Суу районунда автоунааны айдап качкан жаран кармалды


Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 211-беренеси менен (Автотранспорт каражаттарын айдап качуу) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда.
Ал эми, айдап качкан “Daewoo matiz” үлгүсүндөгү автоунааны кылмышка шектүү Ж.уулу.А. Баткен облусунун тургуну 58 жаштагы Б.М. аттуу жаранга сатып жибергендиги такталган.
Аталган автоунаа Кара-Суу РИИБдин айып аянтчасынан киргизилип далил буюм катары алынды.

WhatsApp Image 2022 03 15 at 13.35.19 1 Кара-Суу районунда автоунааны айдап качкан жаран кармалды

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы