Исманкуловдун менчик борборунун алдына төгүлгөн кум кайра тазаланууда

№6 Бишкек шаардык ооруканасынын экинчи корпусунда жайгашкан Алмаз Исманкуловдун менчик медициналык борборунун алдына төгүлгөн кум кайра тазаланып жатат. Бул тууралуу Говори ТВ маалымат булагы жазды.

Имаратты кайтарган күзөтчүнүн айтымында, кум бүгүн, 14-мартта түштөн кийин төгүлгөн.

«Эрте чыгып кетишсин деген өңүттө төгүлсө керек. Клиника кадимки тартипте иштеп жатат»,-деди күзөтчүлөрдүн бири.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кум клиникада оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыгынан улам төгүлгөнүн билдирди.

Эске салсак, 10-мартта Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дарыгер Алмазбек Исманкулов жетектеген Көздүн микрохирургиялык ооруканасына барып, үч сааттын ичинде бошотуп, чыгып кетүүлөрүн талап кылган. Министр Бейшеналиевдин айтуусунда Алмаз Исманкулов өткөн жылы Бишкек мэриясы аркылуу имаратты ижарага алуу мөөнөтүн узартып алган. Бирок ал келишим жокко чыгарылган.