Телефон алдамчыларынан сак болуңуздар!, – Нарын ОИИБи

Нарын ОИИБи: Телефон алдамчыларынан сак болуңуздар!
Заманбап технологияларынын өнүгүшү менен пайда болгон көптөгөн позитивдүү көрүнүштөргө жанаша заманбап технологиялар мейкиндигинде жана аларды колдонуу менен жазалган кылмыштуу аракеттер өнүгүүдө.

YouTube video


Заманбап технологияларды колдонуу менен ишке ашырылган кылмыштуу курамдардын бири бул- коомчулукта “Мобилдик шылуунчулдук” аталышта белгилүү болгон, алдамчылык кылмышы болуп саналат.


Мобилдик алдамчылык- алдамчылык кылмышынын заманбап түрү деп атаса болот, өз учурунда мобилдик алдамчылык телекоммуникация чөйрөсүндөгү эң кенири жайылган кылмыш.
Адатта мобилдик алдамчылар өзүнүн кылмыштуу аракеттерин ишке ашыруу үчүн интернет мейкинидигин жана уюлдук байланышты колдонуу аркылуу, атайын тандалган же туш келген жарандын ишеничине кирип аны алдоо аркылуу өз максатына жетет.
Мобилдик алдамчылыкты ишке ашыруунун көп кездешкен түрлөрү:

  • жарандарга ар кандай утутштарга ээ болгондугу боюнча кабарлап, утушту алуу үчүн кандайдыр бир суммадагы акча каражаттарын которууга же алардын банктык карталарынын маалымат берүүгө түртүү;
  • жарандардын туугандарынын, досторунун атын жамынып, телефон аркылуу жашоодогу оор абалга кабылгандыгын , тез арада акча каражаты керек болуп жаткандыгын айтып кандайдыр бир суммадагы акча каражатын которууга мажбурлоо.
    Ошондой эле “Лалафо”, “ Инстаграм” жана башка социалдык тармактар аркылуу ар кандай турмуш тиричиликке керектүү болгон буюмдарды утуп алгандыгын маалымдап, ага керектүү болгон акча каражатын котортуу;
    Ошол себептүү Нарын ОИИБы, Нарын облусунун тургундарынан жана конокторунан алдамчылык менен күрөшүү максатында укук коргоо органдары менен тыгыз байланышууга жана телефондук алдамчылардан сак болуп, интернет-мейкинидинде тараган шектүү шилтемелерди ( ссылка) жайылтпоого жана телефондук алдамчылардын аракеттерине кабылган учурда алар тарабынан айтылган маалыматтарды текшерүү аракетин көрүүгө ( мисалы тууганынын атын жамынын, оор абалга түшкөндүгү жөнүндө билдирсе, дароо ал тууганына таандык номер менен байланышуу же анын жанында болушу мүмкүн болгон адамга чалып маалымат алуу) чакырат.

  • Эгерде шек жараткан чоочун абоненттик номерлер аркылуу жүргүзүлгөн СМС-билдирүүлөр, чалуулар түшсө дароо 102 ге билдирип, коюнуздарды сурайбыз.

  • Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы