Meta Facebook жана Instagram тармактарында орус аскерлерине каршы үндөөгө уруксат берди

Украинадагы кырдаалга байланыштуу Meta өзүнүн Facebook жана Instagram социалдык тармактарында Орусиянын карапайым калкына эмес, орус аскерлерине каршы зомбулук көрсөтүү тууралуу чакырыктарга тыюуну убактылуу алып салды.

Бул тууралуу компаниянын басма сөз катчысы Энди Стоун Твиттерде маалымдады.

Стоун Твиттерде “Орусиянын Украинага басып киришинин натыйжасында биз зордук-зомбулукка үндөгөн билдирүүлөргө тыюу салууну убактылуу токтоттук”- деп билдирген.

Буга чейин Орусияга каршы чакырыктарга уруксат берилбеген билдирүүлөргө компания “Орус баскынчыларына өлүм” деген ураанды мисал келтирген.

“Бирок биз орусиялык жарандарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү боюнча акылга сыярлык чакырыктарга жол бербейбиз” –  деди Мета өкүлү.